Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/22
Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Краснодарская көчөсү №51/3 дарегинин тургуну К.Асанкулованын арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сокулук айылынын Краснодарская көчөсүндөгү №32 автобустун акыркы аялдамасында жайгашкан 48 чарчы метр жер тилкесин ашкана тармагы боюнча ишкерлик кылууга Краснодарская көчөсү №51/3 дарегинин жашоочусу К.Асанкуловага ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |