Редакцияот 09.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2025-жылдын 9-июлундагы  №7/1     

  

Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө орто мектебинин атын өзгөртүү  жөнүндө.

                                  

 

Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Г.Керимбекованын кайрылуусунун негизинде,  КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык,  Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык Кеңеши   токтом кылат:                                                    

 

          1. Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин аталышы, “Осмонаалы Сыдык уулу  атындагы, Кызыл-Дөбө жалпы билим берүү мектеби” деп өзгөртүлсүн.

 

          2. Каттоодон өткөрүү, тиешелүү иш кагаздарын мыйзамдаштыруу  жагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Ж.Нурланбековага милдеттендирилсин. 

  

 

 

 

  Төрага

А. Молдогазиев