Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/24
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Е.Калашникованын арызынын негизинде Сокулук айылы Токтогул көчөсү №15а дарегиндеги аянты 106,9 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын "павильон орнотуу алдындагы жер тилкесинен" "дүкөн алдындагы жер тилкесине" өзгөртүү боюнча жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 22-январында берилген №01-25 архитектуралык-техникалык корутундусунун жана жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө сериясы Ч №1332725 мамлекеттик актысынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Токтогул көчөсү №4 дарегинин жашоочусу Е.Калашниковага таандык Токтогул көчөсү №15а дарегинде жайгашкан дүкөндүн багытын “павильон алдындагы жер тилкесинен” “дүкөн алдындагы жер тилкесине” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |