САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 20-марты № 01-7/25
Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Степная көчөсүндөгү №880, №884-контурларда жайгашкан спорт комплекске тиешелүү жалпы аянты 0,75 ганын ичинен спорт зал курууга 736 чарчы метр жер тилкесин 10 жылдык мөөнөткө ижарага сураган Бишкек шаарынын Чокморова №154/7 дарегинин жашоочусу А.П.Султанкуловдун арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сокулук айылынын Степная көчөсүндө №880, №884-контурларда жайгашкан спорт комплекске тиешелүү жалпы аянты 0,75 ганын ичинен спорт зал курууга 736 чарчы метр жер тилкесин Бишкек шаарынын Чокморова көчөсүнүн №154/7 дарегинин жашоочусу А.П.Султанкуловго 10 жылдык мөөнөткө ижарага бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |