Редакцияот 09.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2025-жылдын 9-июлундагы  №7/3     

  

Кара-Суу айыл  аймагынын 2025-2030-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын  бекитүү жөнүндө

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын 2025-2030-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовдун, экономика бөлүмүнүн башчысы А.Расахан уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши  токтом кылат:

 

        1. Кара-Суу айыл  аймагынын 2025-2030-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

 

        2. Кара-Суу айыл  аймагынын 2025-2030-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына ылайык иш алып баруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

А. Молдогазиев