Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы № 107-VIII
“2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү
ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү
банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы
чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу)
ортосундагы “Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу,
азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын
тазалыгын камсыз кылуу үчүн “Бирдиктүү саламаттык”
программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза”
долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык
макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 19-декабрындагы чыг. № 18-13696) “2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы “Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн “Бирдиктүү саламаттык” программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган Мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
К.Л. Ханджеза |