Редакцияот 20.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жыл 20-марты № 01-7/28

 

Жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылынын Калинина көчөсүндөгү №67-үйдүн артындагы 180 чарчы метр жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө жашылдандыруу максатында ижарага сураган О.Жумованын арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Сокулук айылынын Калинина көчөсүндө №67 көп кабаттуу үйдүн артында жайгашкан 180 чарчы метр жер тилкесин Сокулук айылынын Калинина көчөсүнүн №67 үйүнүн жашоочусу О.Жумовага жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында 5 жылдык мөөнөткө ижарага бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев