Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 21-апрели № 01-7/30
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, “Сокулук ГЭС-1” ЖЧКсынын 2025-жылдын 29-мартындагы №01-25-07 кайрылуу катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги №01-34/302 катынын жана башка укук берүүчү тиешелүү материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын климаттык кыйынчылыктардан, электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнөн улам кубаттуулуктун жетишсиздигин жоюуга салым кошуу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын Төш-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,02 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” тарабынан курууга алынган “Сокулук-ГЭС-1” ЖЧКсына белгиленген тартипте, талапка ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу деп чыккан тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде Төш-Булак айылынын Сокулук дарыясынын нугунда жайгашкан 6,02га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |