Редакцияот 21.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жыл 21-апрели № 01-7/32

 

Акча каражатын бөлүү жөнүндө

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин пландык-бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джазымкуловдун Сокулук районунда “Коопсуздук-2025” окутуу иш-чаралары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировдун 2025-жылдын 19-мартындагы №01-10/828 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сокулук районунда граждандык коргонуу боюнча “Коопсуздук-2025” окутууларга (учения) даярдыктарды көрүүгө жана өткөрүүгө 360,0 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айыл өкмөтүнун башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

С.Б.Бекмырзаев