Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 03-февралы №3/3
«Кыргыз Республикасынын ХЕЛЬВЕТАС Свис
Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорундагы №PSI-G Алкактык макулдашууга негиз акча каражатын бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
токтом кылат:
16.“Кыргыз Республикасынын ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан дараметти жогорулатуу гранты катары бөлүнүп берилген 125 000,0 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетке кириштелип, киреше жагына план 14411100 беренесине алынсын.
17.Жогорудагы акча каражаттары төмөндөгүдөй элементтер аркылуу жумшалсын
Башкаруу аппараты:
-22122900 (дагы башка байланыш кызматтарын көрсөтүү) – 14000,0 сом;
-22181100 (тамак аш азыктарын алуу) – 59900,0 сом;
-22221100 (камсыз кылууларды алуу) – 21100,0 сом;
-22221200 (Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдары алуу) – 30000,0 сом
Жалпысы 125000,0 (бир жүз жыйырма беш миң) сом.
18.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
19.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага : Т. Султамуратов