Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 21-апрели № 01-7/35
Жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алуу жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Сарбагышованын арыз ээси Ж.Мамбеталиевдин Сокулук айылынын Больничная көчөсү №1а дарегинде жайгашкан “Чач тарач жана дүкөн” багытындагы жер тилкесинин ашыкча жерин аукцион аркылуу сатып алууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сокулук айылынын Больничная көчөсү №1а дарегинде жайгашкан “Чач тарач жана дүкөн” багытындагы имараттын арт жагындагы ашыкча жер тилкесин аукцион аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров буйрук чыгарсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |