Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майындагы № 21
Фрунзе айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №20-октябрынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Фрунзе айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелинде №10 “Солнышко” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Башка чыгымдар жана муктаждар үчүн” төлөмдөрдү төлөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун кабыл алгандыгына байланыштуу Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-июнундагы №20 “Күн” бала бакчага тамактандырууга белгиленген каржылоону белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |