ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 28-кезектүү сессиясы
2023-жылдын 21-июлундагы № 24
Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдыны 17-июлундагы өткөн отурумунун №3 протоколунун жана Озерное айылынын Центральная, 1“б” дарегинин жашоочусу – К.А. Абдыраимовдун арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Озерное айылынын Центральная, 1“б” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2956,79 кв.м жер тилкесинин максаттуу багытын «бакча»-дан «Жеке турак жай куруу»-га өзгөртүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |