Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 42
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жободо:
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 “Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 103-пунктча менен толукталсын:
“103) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.”.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жободо:
– 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
“61) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жободо:
– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 151-пунктча менен толукталсын:
“151) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |