Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-мартындагы №5/4
Таза суу башаттарын, ички чарбалык ирригациялык, мелиоративдик системаларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган таза суу башаттарын, СПАларды, БДР, БСРлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкту башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги Суу чарба секторун натыйжалуу пайдалануу жана онүктүрүү жөнүндө №207 Токтомун, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган таза суу башаттарын, ички чарбалык ирригациялык, мелиоративдик системаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкту башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |