Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябрындагы № 33
Реабилитация борборун салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, ошондой эле Фрунзе айыл аймагынын майыптыгы бар тургундарынын кайрылуусунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айылында 391 контурунда жайгашкан 600 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкеси реабилитация борборунун имаратын салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |