Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 32-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 24-ноябрындагы № 35

 

 

Республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

(жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу)

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамына ылайык, буга чейин жергиликтүү бюджетке түшүп келген “Бирдиктүү салык” 100% республикалык бюджетке түшө турган болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу максатында Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер – 1119,8 миң сом суммасында каражаттардын келип түшкөндүгүнө байланыштуу, Фрунзе айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алынган 1119,8 миң сом суммасындагы максаттуу трансферттер төмөндөгүгө ылайык бөлүштүрүлсүн:

·         70629 Бөлүм - ЖКХ

·         2215-беренеге (Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) – 1119,8 миң сом (Жакшыртуу үчүн).

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов