ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 32-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 6-декабрындагы № 36
(КК АИД-3) АРИС-тин” Үчүнчү айылдык инвестициялык (COVID-19га каршы аракеттенүү үчүн)” долбоордун алкагында кошумча каржылоо Долбоорунун алкагындагы иш-чаралардын алкагында “Фрунзе айылында ҮДТ имаратын куруу” долбоору жөнүндө”
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы- Б.Байысбек у.-нун жана Фрунзе айыл аймагынын АКИАнын төрайымы - Н.А Ормонованын ДФ АИД-3 тарабынан «Фрунзе айылында ҮДТ имаратын куруу» кичидолбоору боюнча, айыл аймагындагы аткарылган долбоордук иш-чаралар жөнүндө маалыматты карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык. Фрунзе айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Фрунзе айылындагы ҮДТ имаратын куруу»- чакан долбоору 6,674,865 (алты миллион алты жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз алтымыш беш) сом, анын ичинде АРИСтин гранты 6674865 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. «Фрунзе айылындагы ҮДТ имаратын куруу» чакан долбоору Фрунзе айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
3. Чакан долбоордук сунушта көрсөтүлгөн чакан долбоордун объектисин техникалык жактан тейлөөгө жана эксплуатациялоого жергиликтүү бюджеттен чыгашалар бекитилсин.
4. Фрунзе айыл өкмөтү чакан долбоор боюнча долбоордук сунуштарды жана тиешелүү документтерди АРИСке өз убагында берүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |