Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын 

2025-жылдын 15-декабры №13/2

Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн 2025-жылдын  бекитилген   жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана  такталган планга  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 15.12.2025 жылдагы № 7 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы токтом кылат:

 

1.”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга сметадагы салыктык кирешелердин кээ бир түрүнө кошумча берилген планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

 

№

Беренелердин аталышы

Берене

Бардыгы

IV -квартал

көбөйтүү

азайтуу

1

 

Максаттуу трансферт

13321200

608,3

608,3

 

 

Бардыгы

 

608,3

608,3

 

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

IV -квартал

көбөйтүү

азайтуу

70111

Аппарат

Кызматтык кыдырууларга чыгашалар

2211

25,0

25,0

 

70111

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

52,6

52,6

 

70111

Аппарат

Машиналар жана жабдуулар

3112

120,0

120,0

 

70491

Эконом маселе(др)

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

369,7

369,7

 

70911

Балдар бакчасы

Байланыш кызматын көрсөтүү

2212

21,0

21,0

 

70911

Балдар бакчасы

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

10,0

10,0

 

70921

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

10,0

10,0

 

 

 

Бардыгы

 

608,3

608,3

 

 

2.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага :

Т.Ч.Таалайбеков