Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясынын 

2026-жылдын 30-январы №14/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 446,6 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук      карыздарга жана 2025 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына   кирбей калган  төлөмдөргө иштетүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 446,6миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган 446,6 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-76,9миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. 2025-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 367,7 миң сом, атайын каражаттан калган 76,9 миң сом жалпы 446,6 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:

 

Бөлүм

Беренелердин аталышы

берене

Сумма

Орто мектептер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

367,7

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын  алуу

2218

76,9

 

 

Бардыгы:

446,6

 

3. Жергиликтүү бюджеттин 2026-жылдын 1-кварталы менен 446,6 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.

 

Төрага :

Т.Ч.Таалайбеков