Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 03-февралы №7
«Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул”
наамын ыйгаруу жөнүндө»
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө айыл өкмөтүнун башчысы Тасмабек уулу Болтбектин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы
токтом кылат:
1. Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштарынын инфратүзүмдөрүн кайра курууга жана айыл өкмөтүнун социалдык-экономикалык өнүгүүсүно кошкон бараандуу салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна, Жогорку Кеңештин депутаты Алиев Медер Кубанычевичке, Ас-Сафа кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мальсагов Ибрагим Алиевичке, Президенттик администрациясынын аппаратынын иш башкаруучусу Туманбаев Каныбек Тургунбековичке Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага : Т. Султамуратов