Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы № 117-VIII
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына
Кыргыз Республикасынын парламенттик
делегациясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын алкагында парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1.Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Атажанов Ырысбек Ысламович;
Ахмедова Айгуль Абдилхаевна;
Джумабеков Дастанбек Артисбекович;
Исираилов Азамат Алмазбекович;
Карыбек уулу Улукбек;
Машрапова Гүлай Эгемназаровна;
Торобекова Нуржамал Турсуналиевна;
Эргешов Бекмурза Аскарбаевич.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2.Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссияга – Исираилов Азамат Алмазбекович;
(абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга – Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, Джумабеков Дастанбек Артисбекович.
билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга - Карыбек уулу Улукбек, Машрапова Гүлай Эгемназаровна, Торобекова Нуржамал Турсуналиевна;
айлана-чөйрө, жаратылыш ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияга - Атажанов Ырысбек Ысламович, Ахмедова Айгуль Абдилхаевна.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
К.Л. Ханджеза |