Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-декабрындагы № 37
Катуу тиричилик калдыктарды чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, Фрунзе айыл аймагынын аймагын стихиялык таштанды төгүүчү жайлардан сактоо максатында, катуу тиричилик калдыктарды Бишкек шаардык таштанды полигонуна ташып чыгууга байланыштуу, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 11-декабрынан баштап катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга жана утилдештирүүгө бир үй-чарбасынан ай сайын 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.
2. «Тазалык-Сервис» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн калктан абоненттик төлөмдү чогултууга көмөк көрсөтсүн, ошондой эле Фрунзе айыл аймагынын жашоочуларына кызмат көрсөтүүнүн жаңы тарифи тууралуу маалымат берсин.
3. Фрунзе айылдык кеңешинин 2022-жылдын 02-февралындагы №5 токтому күчүн жоготту – деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |