Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 30-декабры № 13
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18- мартындагы № 01 буйругу менен бекитилген «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 1 “КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү” Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин авияциялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгына:
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту «Эркин Тоо» газетасынын редакциясына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоо үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин;
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Б.А. Джумалиевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
| Д.К. Бостонов |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине
караштуу Жарандык авиация
мамлекеттик агенттигинин
2025-ж. “_____”_________
№ _________ буйругуна
тиркеме
1) «КЫСКАРТУУЛАР» бөлүмү төмөнкүдөй редакциядагы 43-абзац менен толукталсын:
«ZFTT - Zero Flight Time Training. Аэродромдук машыгуу сценарийине ылайык учуу процедураларын имитациялоо боюнча учуу-тренажёрдук даярдоо.»;
2) 1-бөлүмдүн 2-параграфынын 1-пунктунун 5-подпунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3) 1-бөлүмдүн 4-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Кыргыз Республикасынын ЖАОсын Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок болгон талапкерлерге бортоператор күбөлүгү берилбейт.»;
4) 1-бөлүмдүн 6-параграфынын 23-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« - таануунун негизинде талапкер Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестринде катталган аба кемелеринде 1000 сааттан кем эмес учуу убактысына ээ болсо же экипаждын курамында 24 айдан кем эмес болгон болсо»;
5) 1-бөлүмдүн 9-параграфынын 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«38. Талаптарга шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо үчүн КР ЖАО күбөлүк ээсине 1, 2 же 3-класстагы медициналык корутунду берет. Бул жол-жобо өзүнчө медициналык тастыктама берүү менен ашырылышы мүмкүн»;
6) 1-бөлүмдүн 9-параграфынын 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«39. Авиациялык персоналдын күбөлүгүнө талапкерлер жана иштеп жаткан күбөлүк ээлери 12 айда бир жолу көкүрөк органдарын флюорографиялык (рентгенологиялык) милдеттүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Текшерүү жыйынтыктары ушул Эрежелердин 7-Тиркемеде белгиленген формага ылайык медициналык корутундуга тиркелет»;
7) 1-бөлүмдүн 10-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 731-пункт менен толукталсын:
«731. Эгерде линиялык учкучтун күбөлүгүнүн (учак, тик учак жана көтөрүү күчүн жогорулатуу системасы бар аба кемеси), коммерциялык авиация учкучунун күбөлүгүнүн (учак, дирижабль, тик учак жана көтөрүү күчүн жогорулатуу системасы бар аба кемеси) же көп мүчөлүү экипаждын учкучунун күбөлүгүнүн (учак) ээси болуп саналган талапкер коммерциялык аба ташууларды аткаруу учурунда 59 жаш курагында медициналык кароодон өтсө, медициналык корутунду 12 айга берилет, мында медициналык корутундунун колдонуу мөөнөтүнүн 50 пайызынан көбү талапкер 60 жашка толгондон кийинки мезгилге туура келбеген учурлардан тышкары. Эгерде медициналык корутундунун колдонуу мөөнөтүнүн 50 пайызынан ашыгы талапкер 60 жашка толгондон кийинки мезгилге туура келсе, мындай учурларда медициналык корутунду 6 айлык мөөнөткө берилет»;
8) 1-бөлүмдүн 13-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 851 жана 852 пункттары менен толукталсын:
«851. Кыргыз Республикасынын ЖАОы өз алдынча, ЖАО тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу авиациялык органдары тарабынан берилген авиациялык окуу жайларынын тастыктамаларын жана тренажёрдук түзүлүштөрдүн тастыктамаларын тааный алат.
852. Автоматтык түрдө таанууга кабыл алынуучу мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын ЖАОсы тарабынан түзүлөт жана бекитилет, үзгүлтүксүз негизде кайра каралып турат.»;
9) 1-бөлүмдүн 15-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 971-пункт менен толукталсын:
«971. Баалоо жол-жоболорун стандартташтыруу жана текшерүүнүн ыкмаларынын биримдигин камсыз кылуу максатында КР ЖАОнын улуу экзаменаторлорду дайындоого укуктуу.
Улуу экзаменаторлорду дайындоонун тартиби, ыйгарым укуктарын узартуу жана токтотуу, ошондой эле алардын даярдыгына коюлуучу талаптар, компетенттүүлүгүн баалоо жана мезгил-мезгили менен кайра даярдоосу 14-тиркеме «Улуу экзаменаторлор» менен белгиленет.»;
10) 1-бөлүмдүн 15-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 1061-пункт менен толукталсын:
«1061. Кыргыз Республикасынын ЖАОы авиациялык персоналды даярдоо, тастыктамалоо боюнча көзөмөл функцияларын аткаруу учурунда буузууларды (четтөөлөрдү, эскертүүлөрдү) аныктайт жана аларды жоюуга жана кайталап пайда болушуна жол бербөөгө багытталган чараларды көрөт.
Буузуулардын (эскертүүлөрдүн) классификациясы, ошондой эле аларды түзүү, жеткирүү, жоюу жана жабуу тартиби КР ЖАО тарабынан бекитилген документке ылайык аныкталат.»;
11) 2-бөлүмдүн 3-параграфынын 153-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«153. Тийиштүү даярдыктан өтүп, ыйгарым укуктуу инструктордун көзөмөлү астында учууларды аткарган күбөлүктүн ээси үчүн класстагы аба кемесинин квалификациялык белги күбөлүккө киргизилет жана ал тиешелүү экипаж мүчөсүнүн функцияларын аткарууга укук берет.
Эгерде күбөлүктүн ээси типтеги аба кемеси боюнча тиешелүү даярдыктан өткөн болсо, анын күбөлүгүнө тиешелүү экипаж мүчөсүнүн функцияларын аткарууга укук берген квалификациялык белги киргизилет.»;
12) 2-бөлүмдүн 6-параграфынын 160-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«160. Күбөлүк же квалификациялык белгини алуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү көрсөтүү максатында жүргүзүлүүчү маневрлерди аткарууда же тажрыйба топтоодо FSTD колдонууга, даярдыктын коюлган милдеттерине шайкештигин камсыздоочу КР ЖАОна тийиштүү бекитүүсүнөн кийин гана уруксат берилет.
FSTDнин квалификациясын, бекитилишин жана колдонулушун жөнгө салуучу жоболор ушул Эрежелердин 12 Тиркемеде келтирилген.»;
13) 2-бөлүмдүн 9-параграфы төмөнкүдөй редакциядагы 1691-пункт менен толукталсын:
«1691. Учуу тажрыйбасынын көлөмү жана мүнөзү учуу китепчеси (Logbook) аркылуу тастыкталат, анын формасын жана жүргүзүү тартибин КР ЖАО аныктайт. Учкуч учуу китепчеси киргизилген маалыматтардын тактыгы жана чындыкка шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Электрондук формат колдонулган учурда, учуу китепчеси КР ЖАО тарабынан таанылган санариптик системалар жана программалык чечимдер аркылуу жүргүзүүгө жолу берилет, мында маалыматтардын корголушу жана сакталышы милдеттүү түрдө камсыздалууга тийиш.»;
14) 2-бөлүмдүн 17-параграфынын 206-пункту төмөнкүдөй редакциядагы 7-подпункт менен толукталсын:
«7) талапкер приборлор боюнча учуу эрежелерине ылайык учууларды аткаруу үчүн ушул Эрежелердин 1-Тиркемеде белгиленген талаптарга ылайык англис тилинин билимин жана деңгээлине ээ болгонун көрсөттү.»;
15) 5-бөлүмдүн 7-параграфынын 296-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«296. АКБ диспетчеринин квалификациялык белгилерине төмөнкүлөр кирет:
1) аэродромдун диспетчеринин белгиси;
2) мамиле кылууну жол-жоболук контролдоо диспетчеринин белгиси;
3) байкоо каражаттарын пайдалануу менен мамиле кылууну контролдоо диспетчерин белгилөө;
4) АКБ районунун жол-жоболук контролдоо диспетчеринин белгиси;
5) байкоо каражаттарын пайдалануу менен АКБ райондук контролдоо диспетчеринин белгиси;
6) диспетчер-инструктордун белгиси.»;
16) 5-бөлүмдүн 7-параграфынын 297-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) байкоо каражаттарын пайдалануу менен мамиле кылууну контролдоо диспетчеринин жана АКБ районунун контролдоо диспетчеринин квалификациялык белгилери: талапкер кызматтык милдеттерге тиешелүү деңгээлде талаптарга жооп берет жана берилген эрежелерге ылайык келген билим деңгээлин көрсөтөт, жок дегенде төмөнкү кошумча тармактарда.»;
17) 6-бөлүмдүн 1-параграфынын 305-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«305. КР ЖАО тарабынан авиациялык персоналга берилүүчү күбөлүктөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) күбөлүктөр жогорку сапаттагы кагазда же ылайыктуу башка материалда, анын ичинде пластикалык карточкалар түрүндө даярдалат; же
2) автономдуу мобилдик электрондук түзүлүштөрдө чагылдырылган электрондук күбөлүктөрдү колдонууга жол берилет.
3) күбөлүк, колдонууга жараша, медициналык корутундунун классын, иштөө мөөнөтүн жана КР ЖАО тарабынан белгиленген медициналык чектөөөлөрдү көрсөтүү менен, учурдагы медициналык корутунду жөнүндө маалыматтарды камтыйт.»;
18) 6-бөлүмдүн 3-параграфынын 314 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«314. Күбөлүктөрдө көрсөтүлгөн маалымат КР ЖАО электрондук жазууларында камтылган маалыматты чыгарат, ошондой эле 10-тиркемеге ылайык стандарттык форманы камтыйт.»;
19) 6-бөлүмдүн 3-параграфынын 318 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«318. Тили: күбөлүк 10-тиркемеде берилген формага ылайык англис тилиндеги күбөлүктүн электрондук түрдөгү гипершилтеме катары “ICAO” аббревиатурасын камтыйт.»;
20) 6-бөлүмдүн 3-параграфынын 319 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«319. Пункттардын жайгашуусу: күбөлүктүн көрүнүп турган сүрөтү 10-тиркемеде келтирилген формага ылайык англис тилиндеги пункттардын чечмеленишин жана жайгашуусун кайталайт.»;
21) 6-бөлүмдүн 3-параграфынын 321 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«321. Бөлүмгө киргизилген кошумча жардамчы маалымат 10-тиркемеде келтирилген формага ылайык келет.»;
22) Төмөнкүдөй редакциядагы 11-тиркеме - ZFTT программасы боюнча (Zero Flight Time Training) менен толукталсын:
1. Жалпы жоболор
1.1. ZFTT программасы боюнча учкучтарды даярдоо КР ЖАО тарабынан бекитилген авиациялык окуу жайында жүргүзүлөт.
1.2. Даярдоо ИКАО классификациясына ылайык квалификацияланган жана КР ЖАО тарабынан таанылган толук масштабдуу учуу тренажёрунда (FFS) аткарылат.
2. Учкучтарга коюлуучу талаптар
2.1. ZFTT программасына кабыл алуу үчүн учкуч тиешелүү аба кемесинин түрүндө жалпы кеминде 500 саат учуу тажрыйбасына ээ болушу керек.
3. ZFTT башталганга чейинки минималдуу учуу тажрыйбасы
3.1. Минималдуу учуу тажрыйбасы колдонулуп жаткан учуу тренажёрунун квалификациясына жараша аныкталат жана төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
3.1.1. ИКАО классификациясы боюнча IV-типтен төмөн болбогон же КР ЖАО тааныган эквиваленттүү деңгээлдеги толук масштабдуу учуу тренажёрун колдонуу;
3.1.2. Тренажердо учкуч төмөнкүлөрдө ээ болушу зарыл:
- жалпы кеминде 500 саат учуу тажрыйбасы; же
- тиешелүү аба кемесинин түрүндө кеминде 100 жолу учуп-конуу.
20)Төмөнкүдөй редакциядагы 12-тиркеме - Учуу курамын окутууга арналган тренажёрлор (FSTD) менен толукталсын:
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул бөлүмдө учуу курамын окутууга арналган тренажёрлорду (Flight Simulation Training Devices — FSTD) авиациялык персоналды окутууда, текшерүүдө жана кайра даярдоодо колдонууга коюлуучу жалпы талаптар белгиленет.
1.2. FSTD колдонууга КР ЖАО тарабынан квалификациядан өткөндөн жана Колдонууга уруксат берилгенден кийин гана жол берилет.
1.3. FSTD’нин долбоорлонушу, квалификацияланышы жана эксплуатацияланышы ИКАО Doc 9625 «Учуу курамын окутуу тренажёрлорун квалификациялоо критерийлери боюнча колдонмо» документине, анын актуалдуу редакциясына жана кийинки өзгөртүүлөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
1.4. Квалификациядан өтпөгөн FSTD’ни окутуу, баалоо же тестирлөө максатында колдонууга тыюу салынат.
1.5. FSTD оператору тренажёрдун квалификациялык критерийлерге туруктуу шайкеш болуусун жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн квалификация учурунда тастыкталган деңгээлде сакталышын камсыздайт.
2. FSTD классификациясы жана деңгээлдери
2.1. Учуш динамикасы, системалардын иштөөсү жана башкаруу процедураларынын реалисттик деңгээлине жараша FSTD төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
a) Спецификалык (S) — белгилүү учак тибинин учуш жана системалык мүнөздөмөлөрүн толук моделдеген жогорку деңгээлдеги тренажёр; b) Репрезентативдик (R) — стандарттуу эксплуатациялык процедураларды жана учуу тапшырмаларын аткарууга мүмкүндүк берген орточо деңгээлдеги тренажёр; c) Жалпыланган (G) — жалпы процедураларды, көндүмдөрдү жана экипаждын өз ара аракеттенүүсүн машыктырууга арналган базалык деңгээлдеги тренажёр.
2.2. FSTD деңгээли даярдоо тапшырмаларына жараша аныкталат жана КР ЖАО тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде бекитилет, сыноолордун жыйынтыктары өтүлгөн текшерүүлөр боюнча отчеттор (validation reports) Doc 9625 талаптарына шайкеш документтер.
3. Квалификация жана аракет мөөнөтү
3.1. FSTD квалификациясы КР ЖАО тарабынан берилүүчү Тастыктама менен ырасталат.
3.2. Квалификацияны сактоо FSTD эксплуатациясынын бүткүл мезгили ичинде жүргүзүлүүчү мезгилдүү квалификациялык сыноолор аркылуу камсыздалат. Сыноолордун ортосундагы аралык жыйырма төрт (24) айдан ашпашы керек.
3.3. Белгиленген критерийлерге ылайык келбеген учурларда Тастыктаманын аракетин токтотууга, чектөөгө же жокко чыгарууга жол берилет.
3.4. Тастыктама мөөнөтсүз берилет жана анын аракетин токтотуу, чектөө же жокко чыгаруу жүзөгө ашырылмайынча күчүндө болот.
3.5. FSTD’нин техникалык конфигурациясына киргизилген ар кандай өзгөртүүлөр (анын ичинде программалык камсыздоону же техникалык компоненттерди жаңылоо), ошондой эле тренажёрду башка жайга көчүрүү КР ЖАО тарабынан милдеттүү түрдө баалоого алынат.
3.6. КР ЖАО белгиленген талаптарга шайкеш келбегендик аныкталганда же надзордун жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн оңдоочу иш-чаралар аткарылбаган учурда Тастыктаманын аракетин токтотуу же жокко чыгаруу укугуна ээ.
4. FSTD колдонууга уруксат
4.1. FSTD окутуу, текшерүү же экзамендик максаттарда колдонулушу үчүн КР ЖАО тарабынан операторго же тастыкталган окуу уюмуна берилген аракеттеги Тастыктама болушу зарыл.
4.2. FSTD колдонулуучу бардык окуу программалары КР ЖАО тарабынан бекитилет жана алардын курамында тренажёрдун тиби, деңгээли жана аткарылуучу окуу тапшырмаларынын көлөмү көрсөтүлүшү керек.
5. Көзөмөл жана мониторинг
5.1. КР ЖАО FSTD эксплуатациясына карата төмөнкү иштерди камтыган надзорду жүзөгө ашырат: a) бекитилген квалификация критерийлерине шайкештикти тастыктоо үчүн пландуу жана пландан тышкаркы баалоолор; b) сапатты башкаруу системасына (QMS) жана конфигурацияны башкаруу системасына (CMS) аудит жүргүзүү; c) авиациялык персоналды окутуу жана текшерүү учурунда FSTD колдонулушуна байкоо жүргүзүү;
d) аудиттердин жана баалоолордун жыйынтыгы боюнча оңдоочу иш-чаралардын аткарылышын мониторинг кылуу.
6. Жооп кайтаруу чаралары
6.1. Көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуу же шайкешсиздиктер толук жоюлмайынча КР ЖАО FSTD Тастыктаманын аракетин убактылуу токтотууга укуктуу.
7. Акыркы жоболор
7.1. FSTD квалификациясына, баалоосуна жана надзоруна байланыштуу деталдуу жоболор, ошондой эле тиешелүү формалар жана документтер КР ЖАО тарабынан бекитилген өзүнчө документтер менен аныкталат.
7.2. Чет мамлекеттердин авиациялык ыйгарым укуктуу органдары тарабынан квалификациядан өткөрүлгөн жана колдонууга уруксат берилген FSTD тренажёрлорун КР ЖАО белгиленген тартипте расмий таануу чечимин кабыл алган учурда колдонууга жол берилет.
21) Төмөнкүдөй редакциядагы 13-тиркеме “Тастыкталган окуу уюмдарына карата жоболор” менен толукталсын:
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Тиркеме авиациялык персоналга күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди берүү, узартуу жана тастыктоо үчүн даярдык жүргүзгөн бекитилген окуу уюмдарына коюлуучу талаптарды аныктайт.
1.2. Окуу уюму КР ЖАО тарабынан бекитилген окуу программаларын жана талаптарды аткарууну камсыз кылган башкаруу системасын, документацияны жана көзөмөлдү түзүүгө жана колдоого милдеттүү.
1.3. Окуу уюму окутуу боюнча жетекчиликти жана Учуу аткаруу боюнча нускаманы иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана актуалдуу абалда кармайт; көрсөтүлгөн документтер КР ЖАО тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Түшүндүрмө: Окутуу боюнча нускаманы иштеп чыгарууда окуу уюму АПКР-1дин 2-Тиркемеси талаптарына таянат жана зарыл учурда мазмунун кеңейтет.
1.4. Авиациялык персоналдын башка категорияларын (инженердик-авиациялык персонал, аба кыймылын башкаруу диспетчерлери жана башкалар) даярдаган окуу уюмдары үчүн Окутуу боюнча нускаманын түзүлүшү жана мазмуну КР ЖАО нын тиешелүү документтери менен аныкталат.
1.5. Персоналдын ар кандай категориялары үчүн КР ЖАО нускамаларынынструктурасы жана мазмуну КР ЖАО тарабынан бекитилген өзүнчө документтер менен белгиленет.
2. Окуу уюмунун нускамалары
2.1. Окуу уюму окутуу боюнча нускаманы жана Учуу аткаруу боюнча жетекчиликти иштеп чыгууга жана актуалдуу абалда кармоого милдеттүү.
2.2. Нускамаларда персонал өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат жана көрсөтмөлөр, ошондой эле окуучулар үчүн окуу талаптарын аткарууга тиешелүү сунуштар камтылат.
2.3. Окуу уюму персоналга жана зарыл учурда окуучуларга жетекчиликтерге жана окуу уюмун бекитүүчү документтерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
2.4. Учуу аткаруу боюнча нускамалары инструкторлордун ишине коюлуучу талаптарды, анын ичинде максималдуу окуу жүктөмүн, иш убактысынын чектерин жана минималдуу эс алуу убактысын (зарыл болсо) аныктайт.
2.4.1. Окутуу боюнча нускама окутуунун стандарттарын, максаттарын жана этаптарын аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: - окуу планы; - көнүгүүлөр жана сабактардын тизмеси; - тренажёрдук даярдыктын сүрөттөлүшү (бар болгон учурда); - теориялык даярдыктын программасы.
2.5. Учуу аткаруу боюнча нускама төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: — A бөлүм. Жалпы маалымат; — B бөлүм. Техникалык маалымат; — C бөлүм. Маршруттук маалымат (зарыл болсо); — D бөлүм. Персоналдын даярдыгы жана иши боюнча маалымат.
22) Кошумча 14 - Тиркеме - Улук экзаменаторлор жана экзаменаторлорду стандартташтыруу
1. Улук экзаменатор КР ЖАОнын атынан жана анын тапшырмасы боюнча, КР ЖАОнын ички документтери менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде иш жүргүзөт.
2. Улук экзаменатор төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
- дайындалган экзаменаторлордун компетенттүүлүгүн баалоону жүргүзөт;
- экзамендердин жана текшерүүлөрдүн өткөрүлүшүнө байкоо салат жана көзөмөлдү ишке ашырат;
- экзаменаторлорду окутууга жана даярдоого катышат;
- экзаменаторлордун ыйгарым укуктарын узартуу, убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу боюнча сунуштарды киргизет;
- баалоо стандарттарын жана экзамендерди өткөрүү жол-жоболорун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө көмөктөшөт.
3. Улук экзаменаторду дайындоо, анын ыйгарым укуктарын узартуу жана токтотуу КР ЖАОны тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Улук экзаменатор КР ЖАОнына отчет берет жана ага баш ийет.
5. Улук экзаменаторлорду даярдоонун тартиби, компетенттүүлүгүн баалоо, кайра тастыктоо (кайра сертификациялоо) жана мезгил-мезгили менен квалификациясын жогорулатуу тартиби КР ЖАОны тарабынан бекитилген документтер менен белгиленет.».