ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 32-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 6-декабрындагы № 39
Бош жер участкалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №223 токтомунун редакциясында) Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, ошондой эле Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы №1 протоколунун негизинде, ошондой эле Фрунзе айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагында жайгашкан “башка жерлер” категориясында турган бош жер участкалары түз сатуу жолу менен жеке менчикке берилсин.
2. Фрунзе айыл өкмөтү бекитилген мыйзам чегинде өткөрүп берүү процедурасын жүргүзүп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |