Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 03-февралы №10
«ДЭП-38 ишканасынын Ак-Жол айыл аймагында
2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы»
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги онунчу маселеси болгон .ДЭП-38 ишканасынын Ак-Жол айыл аймагында 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы
токтом кылат:
1.Ак-Жол айыл аймагынын карамагындагы трассалар кар жааган мезгилдерде өз убагында тазаланбай жана Төшкү-Башат жана Чалк-Өйдө учаскаларында жолго кум ,шлак чачуу иштери кеч журүп жаткандыгы белгиленсин.
2.”Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38-жол эксплуатациялоо ишканасынын Ак-Жол айыл аймагындагы жолдорду тазалоо иштери айрым бир учурларды кошпогондо 2024-жыл үчүн канааттандырарлык деп табылсын.
Төрага : Т. Султамуратов