Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 03-февралы №11/4
«Жаңы-Жол айылдык милиция бөлүмчөсүнүн
башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө»
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги 11/4 маселеси болгон Жаңы-Жол айылдык милиция бөлүмчөсүнун башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Р. Молорбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы
токтом кылат:
1.Жаңы-Жол аймактык милиция болүмчөсү ээлеп турган имарат Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында тургандыгы белгиленсин.
2.Бул имараттын тиешелүү документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
Төрага : Т. Султамуратов