Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 03-февралы №11/5
«Ак-Жол айыл аймагында маалыматтык, жарнамлык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги 11/4 маселеси болгон Жаңы-Жол айылдык милиция бөлүмчөсүнун башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Р. Молорбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы
токтом кылат:
1. Ак-Жол айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага : Т. Султамуратов