Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы № 119-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин
ортосунда Кызматташтык боюнча парламенттер аралык
Кеӊештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик кызматташууну жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыӊдоого өз ара кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич;
Сейтказиева Эркеайым Алымовна;
Тайгараева Эдита Каныбековна;
Чолпонбай уулу Бекмырза;
Чомоев Бакыт Муратбекович.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттер аралык Кеӊештин кыргыз тарабы Парламенттер аралык Кеӊештин иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
К.Л. Ханджеза |