Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-январы № 44-т
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүш түрүндөгү мамлекеттик мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 “2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Манас” май куюу комплекси” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүштүн рыноктук наркын көз карандысыз баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) “Аэро Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүштү баалоо наркы боюнча мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
3. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүү сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |