Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 01-апрелиндеги №18
«Үч-Терек айылынын башкы планындагы №219 контурдагы 0,15га жер участогун Үч-Терек айылынын тургуну Т.Макеевдин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылынын Намаздык участкасындагы 0,15га Т.Макеевдин жеке менчигиндеги жер участогун мамлекеттин муктаждыгы үчүн (аскердик бөлүк куруу үчүн) алып , анын ордуна Үч-Терек айылынын башкы планындагы №219 контурдагы 0,15га жер участогун, Үч-Терек айылынын тургуну Т.Макеевдин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелер боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-статьясынын 4-пунктун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын башкы планындагы № 219 контурдагы 0,15га жер участогун, Үч-Терек айылынын тургуну Т.Макеевдин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына жана жер маселелери боюнча башкы адис М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Маленов
|