Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралындагы № 5
Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана Комсомол айылынын Жанышбаев Апсамат к. №36 жашоочусу –С.Б. Оргараевдин арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айылынын Жанышбаев Апсамат-36«а» дарегинде жайгашкан жалпы аянты 534,7 кв.м жер тилкесинин максаттуу багытын «бакча»-дан «Жеке турак жай куруу»-га өзгөртүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |