ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 130-VIII «2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы» кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция04.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 4-февралы № 130-VIII

“2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун

ортосундагы “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн

биринчи программасы” кредиттик макулдашуусун ратификациялоо

жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 26-декабрындагы чыг. № 18-13930) “2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы” кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын биринчи 

орун басары

 

Ч.И. Ажибаев