Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 11
Фрунзе айыл аймагынын спорттук мелдештерге жана маданий конкурстарга катышкан тургундарына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо, маданият жана жаштар саясаты боюнча адиси Г.С Мамаеванын «Фрунзе айылдык аймагынын спорттук мелдештерге жана маданий мелдештерге катышкан тургундарына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» жобону бекитүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Фрунзе айыл аймагынын спорттук мелдештерге жана маданий конкурстарга катышкан тургундарына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» жобо Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Финансылык колдоону төлөө ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |