Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 23-(кезектүү) сессиясы

 

 

2023-жылдын 12-апрелиндеги № 12

Спорттук мелдештерге жана маданий иш-чараларга катышкан Фрунзе айыл аймагынын тургундарына каржылык колдоо көрсөтүүнүн бирдиктүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Фрунзе айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо, маданият жана жаштар саясаты боюнча адиси Г.С.Мамаеванын материалдык колдоонун жана материалдык сыйлоонун өлчөмүн бекитүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Спорттук мелдештерге жана маданий иш-чараларга катышкан Фрунзе айыл аймагынын жашоочуларына материалдык колдоо көрсөтүүнүн бирдиктүү өлчөмү төмөндөгүлөргө ылайык бекитилсин:

·         Чет өлкөгө чыкканда – 10,000 (он миң) сом;

·         Республика денгээлде  – 5,000 (беш  миң) сом;

·         Облус денгээлде – 3,000 (үч миң) сом;

·         Район денгээлде – 2,000 (эки миң) сом.

2. Каржылык дем берүүнүн бирдиктүү өлчөмү төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:

·         1-орун – 5000 (беш миң) сом;

·         2-орун – 4000 (төрт миң) сом;

·         3-орун – 3000 (үч миң) сом.

3. Бул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов