Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 131-VIII
“2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү
фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга
жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча
кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 31-декабрындагы чыг. № 18-14095) “2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)” программасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын биринчи орун басары |
Ч.И. Ажибаев |