ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-апрелиндеги № 15
Жер участогуна чечим чыгарып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, ошондой эле Фрунзе айыл аймагынын Комсомол айылынын Школьная көчөсүнүн 15/3 -үйүнүн тургуну – С. Ажимидинованын арызын негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтү тарабынан Ажимидинова Сабыркул Аскаровнага Комсомол айылындагы Школьная 15/3 көчөсүндө жайгашкан, калктуу конушка кирген, үйгө жанаша болгон, 999,02 кв.м. жер участогуна жеке менчикке бекитүүгө чечим чыгарып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |