Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-апрелиндеги № 16
Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3; 4 пункттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер мунапысын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык амнистиясынын объектисине бекитүү үчүн жер участоктун өлчөмү 4 (төрт) - 12 (он эки) сотокко чейинки өлчөмдө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |