Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17
Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысы төмөндөгүгө ылайык бекилсин:
· Сугат жердин 1 (бир) га – 14049 (он төрт миң кырк тогуз) сом;
· Кайрак жердин 1 (бир) га – 2196 (эки миң бир жүз токсон алты) сом;
· Көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлердин 1 (бир) га – 7140 (жети миң бир жүз кырк) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |