Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-январы № 1
Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 23 Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 28 Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңеши боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 13 Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 19 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 13 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 25 Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңеши боюнча катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 25 Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 28 Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңеши боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 13 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка айылдык кеңеши боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 13 Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 19 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча.
5) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечими.
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| А.Жупуева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 12-январындагы № 1 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Панфилов АШК, № 23, 29.12.2025-ж. (17.12.2025-ж. өз арызы) | Фрунзе айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Ремизова Светлана Николаевна |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
2 | Ноокат АШК, № 28, 26.12.2025-ж. (24.12.2025-ж. өз арызы) | Кулатов айылдык кеңеши (№ 1 Абшыр-Сай шайлоо округу) | Аданов Нурлан Султанович |
Алай району | |||
3 | Алай АШК, № 13, 30.12.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0321548 күбөлүгү, Алай райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 01.12.2025-ж. берилген) | Курманжан Датка айылдык кеңеши (№ 3 Кабылан-Көл шайлоо округу) | Маматумаров Жомарт Аринбаевич |
4 | Алай АШК, № 13, 30.12.2025-ж. (26.12.2025-ж. өз арызы) | Гүлчө шаардык кеңеши | Талантбек уулу Азамат |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул шаары | |||
5 | Токтогул АШК, № 8, 29.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Токтосунов Рысбек Райымбекович (4) "Тынчтык" саясий партиясы |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
6 | Жети-Өгүз АШК, № 19, 29.12.2025-ж. (25.12.2025-ж. өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык кеңеши (№ 2 Батыш шайлоо округу) | Иманалиев Руслан Салакунович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 12-январындагы № 1 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Панфилов АШК, № 25, 29.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Фрунзе айылдык кеңеши (№ 3 Фрунзе шайлоо округу) | Акматбеков Мелисбек Милдетович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 12-январындагы № 1 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
1 | Панфилов АШК, № 25, 29.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Фрунзе айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Мамедов Мамут Мамедович | Убактылуу иштебейт |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Ноокат АШК, № 28, 26.12.2025-ж. (26.12.2025-ж. өз арызы) | Кулатов айылдык кеңеши (№ 1 Абшыр-Сай шайлоо округу) | Мурзураимов Убайдилла Ташанович | Дыйкан чарбанын жетекчиси |
Алай району | ||||
3 | Алай АШК, № 9, 30.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Курманжан Датка айылдык кеңеши (№ 3 Кабылан-Көл шайлоо округу) | Шааева Кундуз Тойчубековна | Курманжан Датка муниципалдык ишканасынын кароолчусу |
4 | Алай АШК, № 13, 30.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Гүлчө шаардык кеңеши | Таласбеков Султанбек Таласбекович | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул шаары | ||||
5 | Токтогул АШК, № 8, 29.12.2025-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Тотобаев Марс Анарбекович (10) ("Тынчтык" саясий партиясы) | Жеке ишкер |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
6 | Жети-Өгүз АШК, № 19, 29.12.2025-ж. (26.12.2025-ж. өз арызы) | Кызыл-Суу айылдык кеңеши (№ 2 Батыш шайлоо округу) | Карыбаев Бактыбек Токтосунович | Каракол шаардык социалдык фонддун кызматкери |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |