Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майындагы № 18
Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кенешинин жобосун бекитүү жөнүндө
Фрунзе айылдык кенешинин жоопту катчысы К.Кычанованын маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинин жаңы жобосунун долбоорун карап жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021 жылдын 28-майындагы № 1 токтому менен кабыл алынган Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинин жобосун күчүн жоготту деп табылсын.
2. Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңешинин жобосу жаңы редакцияда №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |