Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 5-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коюлган милдеттерди аткаруунун башкарылуучулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун механизмдерин аны ишке ашыруу боюнча планды актуалдаштыруу аркылуу өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин системалуу негизде ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн):
1) 1-главанын 5-пунктунда:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 1-пунктчасында "ФМ (МСК)" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 2-пунктчасында "ФМ" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
2) 4-главада:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 9-10-пункттарында "ФМ (МБК)", "ЮМ (ЖАК)" деген аббревиатуралар тиешелүүлүгүнө жараша "МБК", "ЖАМК" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 11-пунктунда "ЮМ (ЖАК), ФМ (МБК)" деген аббревиатуралар "ЖАМК, МБК" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
3) 6-главада:
- "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасынын 2-пунктунун 1-пунктчасында "2025-жылдын I жарым жылдыгы" деген сөздөр "2026-жылдын III кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасынын 2-пунктунун 2-пунктчасында "2025-жылдын III кварталы" деген сөздөр "2026-жылдын IV кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 5-пунктунда "ФМ (МБК)" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
4) 7-главада:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 3-пунктунун 1-пунктчасында "ФМ (МСК)" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 3-пунктунун 2-3-пунктчаларында "ФМ (МБК)" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 3-пунктунун 4-пунктчасында "ФМ (МСК, МБК)" деген аббревиатура "МСК, МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
5) 8-главада:
- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Ишкердик ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды оптималдаштыруу жана өркүндөтүү | 1. Жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган ишкердик ишти коргоонун укуктук негиздерин жана кепилдиктерин белгилеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2026-2027-жылдар | Ишкердик ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ЭКМ, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча), АИК, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
";
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-главада:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 2-пунктунда "МКЖӨБМА, ФМ (ФЧМК), ФМ (МСК)" деген аббревиатуралар "ФМ (ФЧМК), МСК" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 4-пунктунда "ФМ (МСК)" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 5-пунктунда "ФМ (МБК), "Инфосистемс" МИ, ЭКМ ("БТБ" МИ)" деген аббревиатуралар "МБК ("БТБ" МИ), ФМ ("Инфосистемс" МИ)" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 6-пунктунда "ЭКМ ("БТБ" МИ)" деген аббревиатура "МБК ("БТБ" МИ), ЭКМ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасынын 7-пунктунун 2-пунктчасында "2025-жыл" деген сөздөр "2026-2027-жылдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 13-пунктунда "ФМ (МСК)" деген аббревиатура "МСК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 19-пунктунун 1-пунктчасында "ФМ (МБК), ЮМ (ЖАК)" деген аббревиатуралар "МБК, ЖАМК" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 20-пунктунда "ФМ (МБК), ЮМ (ЖАК)" деген аббревиатуралар "МБК, ЖАМК" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
7) 11-главанын "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 1-пунктунун 1-2-пунктчаларында "БИМ" деген аббревиатура "Агартуумин, ИЖБИМ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
8) "Колдонулган кыскартуулар" бөлүмүндө:
- "МСК" деген аббревиатуранын чечмеленишинде "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "БТБ" МИ" деген аббревиатуранын чечмеленишинде "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "МБК" деген аббревиатуранын чечмеленишинде "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Салык Сервис" ММ" деген аббревиатуранын чечмеленишинде "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "БИМ" деген аббревиатура жана анын чечмелениши күчүн жоготту деп таанылсын;
- "КМ" деген аббревиатурадан кийин төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"ИЖБИМ - Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;
Агартуумин - Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги";
- "ЖАК" деген аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген чечмелениши менен "ЖАМК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |