Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2025-жылы 30-декабры № 80

 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Суу кампанын ордун трансформациялоо жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл өкмөтү Зардалы айлындагы

№1116 контурунда 0,03 га

№1008 контурунда 1,37 га

№1122 контурунда 0,12 га

№1123 контурунда 0,17 га

№1002 контурунда 1,90 га

Жалпы 4,20 га жер аянтына суу кампа куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.

 

  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Дилишатов