Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майындагы № 19
Финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна ылайык, жана Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелинде №11 токтом менен бекитилген «Фрунзе айыл аймагынын спорттук мелдештерге жана маданий конкурстарга катышкан тургундарына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» жобого ылайык ошондой эле Комсомол айылынын Веселая,1 көчөсүнүн тургуну – А.Ходжиевдин арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагынын Комсомол айылынын Веселая,1 көчөсүнүн тургуну – Ходжиев Анваржан Насировичке бокс боюнча Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатына катышууга кеткен чыгымдарын каржылоого 10,000 (он миң) сом өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |