Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2025-жылы 30-декабры № 85

 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жобосуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруу системасындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 
  2. Жобого "Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттер" аттуу өзүнчө бөлүм кошулсун. 
  3. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери этика кодексин сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга милдеттүү экени жобо менен бекемделсин. 
  4. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Дилишатов