Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 5-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 "Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдүн 4-главасында:
- 5-пункттун "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясынын "Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдар" графасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункттун "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-Б" категориясынын "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү" графасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Башкы окумуштуу катчы".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
I бөлүмдө:
- 2-главанын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик органдардын агенттиктер, кызматтар, инспекциялар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия";
4-пункт "Бөлүмдүн башчысы" деген сөздөрдөн кийин ", башкы окумуштуу катчы" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |