Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 65
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-январындагы № 4 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга акча каражаттарын карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
1. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын (мындан ары - "Мир" МТРК УФ) кызматчыларына эмгек акы төлөөнү жөнгө салат.
2. Бул Жобо "Мир" МТРК УФнын бардык кызматчыларына жайылтылат.
3. Кызматчылардын эмгек акысы жумуш убактысынын ченеминин аткарылуусун эске алуу менен эсептелет жана кызматтык маяналардан, иштеген жылдары, жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн үстөктөрдөн, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктардан турат.
4. "Мир" МТРК УФнын кызматчыларына бюджеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүлөр төлөнөт:
1) жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачыл жана кесиптик демилгеси үчүн ай сайын бир кызматтык маянага чейинки үстөк;
2) иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага төмөнкү өлчөмдөрдөгү ар айлык үстөк:
- иш стажы үч жылдан беш жылга чейин - 10 пайыз;
- иш стажы беш жылдан он жылга чейин - 15 пайыз;
- иш стажы он жылдан он беш жылга чейин - 20 пайыз;
- иш стажы он беш жылдан жыйырма жылга чейин - 25 пайыз;
- иш стажы жыйырма жылдан ашык болсо - 30 пайыз.
Иш стажы иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөктү төлөө үчүн иш стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Иш стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы "Мир" МТРК УФнын директору тарабынан бекитилет;
3) эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоо боюнча жөлөк пул төлөнөт;
4) календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун чегинде он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
5. Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен бир жолку жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга тартылган кызматчылардын эмгек акысы, жарандык-укуктук келишимдердин (подряд келишимдеринин) негизинде телекөрсөтүү жана радиоуктуруунун чыгармачыл долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн гонорарлар төлөнүшү мүмкүн. Төлөөнүн көлөмү жана тартиби кызматчы менен эки тараптуу келишимде аныкталат жана "Мир" МТРК УФнын директору тарабынан бекитилет. Гонорарлардын жана сыйлыктардын көлөмү кызматчынын ишинин натыйжаларына жараша аныкталат.
6. "Мир" МТРК УФнын кызматчыларына тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган бюджеттен тышкаркы каражаттардан материалдык жардам жана башка төлөмдөр берилиши мүмкүн.
7. Ушул Жободо каралган "Мир" МТРК УФнын кызматчыларын акчалай камсыздоо боюнча төлөмдөр тиешелүү финансылык жылга белгиленген тартипте бекитилген сметанын чегинде жүргүзүлөт.