Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-январы № 24
Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин консолидациялоо, ишкердикти колдоо саясатынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган консорциумдун катчылыгы болуп аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) аталган консорциумдун уюштуруучулар кеңеши Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана артыкчылыктарын түзөт, анын чакан жана орто ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү чечимдери консорциумдун катышуучулары жана мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат;
2) мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле иштин тиешелүү багыттары боюнча аны менен артыкчылыктуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) консорциумдун катышуучуларынын ишин координациялоону жана анын чечимдеринин аткарылышына мониторингди жүргүзсүн;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын экинчи кварталы башталганга чейин ишкердик иштин бардык чөйрөлөрүн комплекстүү өнүктүрүүнү, анын ичинде төмөнкүлөрдү караган 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитсин:
1) ишкерлердин жаңы муунун калыптандыруунун жана өлкөнүн инновациялык потенциалын ачуунун негизи катары жаштар ишкердигин өнүктүрүүнү жана колдоону;
2) аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын бизнес-процесстерге катышуусун жогорулатуу максатында аялдардын ишкердигин илгерилетүүнү;
3) коомдук маанилүү милдеттерди чечүүгө жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүүгө багытталган социалдык ишкердикке дем берүүнү;
4) региондук ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү;
5) өндүрүштүк кооперацияны, технологиялык интеграцияны жана тармактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган кластердик өнүгүүнү түзүүнү жана колдоону;
6) улуттук экономиканын инновациялык, экспортко багытталган жана маданий маанилүү өсүшүнө өбөлгө түзүүчү креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумунун КУРАМЫ
Уюштуруучулар кеңеши:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумунун катчылыгы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Консорциумдун катышуучулары:
финансылык блок:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу "Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси;
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча);
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча);
Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча);
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча);
"Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Элдик Банк" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Кепилдик фонду" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому;
"Улуттук инвестициялык фонд" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);
институционалдык блок:
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту;
ишкердик өсүү блогу:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору;
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгү (макулдашуу боюнча);
бизнести санариптештирүү блогу:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
"Түндүк" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча).