Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-февралы № 71
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын уставында:
33-пунктта «Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча» деген сөздөр «мамлекеттик башкаруу органынын сунуштамасы боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |