Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/6
Баш-Булак айыл аймагынын тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагынын айылдарынан тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифи кожолук башына 150 сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025- каржы жылына карата бюджеттик коомдук угуу боюнча элдик жыйынынын
П Р О Т О К О Л У
Баш-Булак айылы 08.07.2024-жыл
Өтүүчү жери: Баш-Булак айыл аймагынын маданият үйү.
Катышкандардын саны – 97 адам, анын ичинен 45 аял.
Элдик жыйындын президиуму:
КҮН ТАРТИБИНДЕ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын 2025-каржы жылына бюджеттин долбоорун талкуулоо.
1. Баш-Булак айылында таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуунун тарифин макулдашуу.
Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйындын төрагасы, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Н. Б. Бекмуратов жыйынды ачып, сөз сүйлөп, күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Баш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. К. Исмаиловнага сөз берди.
Ал өз сөзүндө 2025-жылга айыл өкмөттүн кирешелер салыгы болжолдуу 42 843,30 миң сомду түзөт.
2025-жылкы бюджеттин киреше бөлүгү: 42 843,30 мин сом
Кирешелердин аталышы | 2025-жылга | |
Жалпы сумма, сом | Жалпыдан % | |
Азыраак маанидеги кирешелер | 1348,0 | 3,1% |
Теңдештирүүчү грант | 11593,0 | 27,1% |
Транспорт салыгына мүлк салыгы | 1686,0 | 3,9% |
Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 10800,0 | 25,2 |
АЧЖМФ ижарасы | 1358,2 | 3,2% |
Киреше салыгы | 12752,1 | 29,8% |
Патенттин негизиндеги салык | 1200,0 | 2,8% |
2025-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү: 42 843,30 мин сом
Чыгашалардын аталышы | 2025-жыл | |
Жалпы сумма, сом | Жалпыдан % | |
Жалпы муниципалдык кызматтар | 14806,2 | 34,6% |
Турак жай жана коммуналдык чарбасы | 5566,7 | 13,0% |
Экономикалык маселелер | 600,0 | 1,4% |
Спорт жана маданият | 2723,4 | 6,4% |
Билим берүү | 17867,0 | 41,7% |
Социалдык камсыздоо | 1280,0 | 3,0% |
Жана башка |
|
|
жана башка маалыматтар слайда толук көрсөтүлгөн.
Урматтуу айыл тургундары!
Сиздерден бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу жана киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча өз сунуштарыңыздарды күтөбүз! деп ФЭБ башчы сөзүн аяктады.
Элден түшкөн сунуштар:
1. Торгой-Булак айылынын тургуну Кулова Айдана Биздин айылдын 5-6-көчөсүнүн жашоочулары 300мин сомго суу кампа курдук. Эми сиздер суу түтүктөрүн сатып алып бериңиздер.
2. Жаны-Турмуш айылынын тургуну Мойдунов Талип
Ал өз сөзүндө А.Осмонов мектебиндеги жалпы республикалык тестен алдынкы балл алган окуучуларга мотивация үчүн кызыктыруучу сыйлыктарды карап берүүсүн жана мугалимдердин коммуналдык кызматтары үчүн акча каражатын карап берүүнү сунуштады.
3. Ачы айылынын тургуну Анаркулов Азамат окуучулар көп каттаган жолубузга жөө жүргүнчүлөр үчүн белги коюп жана жол жээгине лотокторду коюп берүүнү сунуштады.
4. Эшме айылынын жашоочусу Мамасадыков Сүйүн айылдагы электр столбалардын эскилиги жетип, алмаштыруу керек. Кийинки жылдын бюджетине 50 даана столба үчүн акча каражатын бөлүп берсениздер.
5. Эшме айылынын айыл башчысы Мамытов Урмат Соц.городокко суу жетпей жатканын айтты
6. Т. Шамырбек уулу атындагы орто мектебининдене тарбия мугалими мектеп окуучуларына спорт инвентарларына акча каражат карап бериниздер
7. Торогой-Булак айылынын айыл башчысы, айылдын кире беришиндеги жолду селден көтөрүп беришин сунуштады.
8. Садырбай айылынын тургуну Мамажунусова Динара бала бакчабызга таза суу чыгарыш үчүн акча каражатын бөлүп бериниздер.
9. Торгой-Булак айылынын тургуну Асанбекова Атиргул айылдын ичкери аймагына №305 номерлүү маршруткаларды каттатууну сунуштады.
10. Айыл тургуну Шермаматова Гулбара электр столба жана электр чубалгылар үчүн каражат бөлүп берүүнү сунуштады.
11. Скважина курулган жердин категориясын өзгөртүп, муниципалдык менчикке алуу үчүн айылдык кеңеш макулдук берип, токтом чыгарып берүүсүн суранды.
12. Эшме айылынын жашоочусу Толубаев Амангелди айылыбыздагы спорт залга спорт инвентарларын алуу үчүн каражат бөлүп берүүнү суранды.
13. Баш-Булак айылынын тургуну Джээнкулова Чынаркан Баш-Булак үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу системасына жана алдына брусчатка бастыруу үчүн каражат карап берсениздер.
14. Ачы айылынын тургуну Мажакыпова Чынар Ачы айылындагы ФАПка жылытуу системасына жана көмүрканасын оңдоп берсениздер.
15. Торгой-Булак айылынын тургуну Эргешбаева Халида 50 даана электр столба электр чубалгылары менен бюджеттен карап берсениздер.
16. Торгой-Булак айылынын тургуну Бутабекова Шайыр айылыбызда свет слабый, күчтүү трансформаторго акча каражатын карап берсениздер.
2-маселе боюнча:
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы, жыйындын
төрагасы Н. Б. Бекмуратов таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуунун тарифин макулдашуу боюнча элге кайрылып,
Баш-Булак муниципалдык тазалык ишканасы жаңы түзүлдү, анын жетекчиси Каныбек уулу Ислам. Айыл өкмөттөгү социалдык обьектердин жана бардык айылдагы жашоочулардын таштандыларын алып чыгып, Ош шаарынын таштанды таштоочу полигонуна жеткирет. Катуу таштанды калдыктарын чогултуу жана ташып чыгарууга болгон бааны (тарифти) айыл өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын мүчөлөрү жана USAID дин ийгиликтүү аймак 2 долбоорунун адистери менен бирге иштеп чыгышып, бүгүн Сиздерге сунуштап жатабыз.
1 айга ар бир кожолукка 141 (бир жүз кырк бир) сомдон туура келип жатат. Урматтуу айыл тургундары баарыбыз, көчөнүн, айылдын тазалыгы үчүн салым кошуп, кошунабызды, туугандарыбызды тазалыкты сактоого чакырып, акчасын убагында төлөөгө үндөйлү. Ушул тажрыйба биздин айыл өкмөттүн Баш-Булак айылында 2 же 3 айга чейин эксперимент болот. Андан кийин, эл макул болсо, айыл аймактын бардык айылдарына уюштуралы деп жатабыз, таштанды чогултуучу атайын машина, Баш-Булак айылына бир айда эки жолу, ар бир көчөгө кирип, элдин таштандыларын чогултуп, алып кетишет.
Бул жумушту Баш-Булак тазалык муниципалдык ишканасы аткарат. Бул кызмат көрсөтүүнүн иштеп кетүүсүн камсыз кылуу максатында USAID дин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперт-консультанттары менен биргеликте таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын рентабелдүүлүккө таасир этүүчү чыгымдарды, өндүрүштүк чыгымдарды, амортизациялык чегерүүлөрдү, салыкка жана социалдык фондго чегерүлүүчү чыгымдарды толук эсепке алуу жолу менен бааны (тарифти) иштеп чыкканда: каттуу таштанды калдыктарын ташып чыгарууга, ар бир кожолукка (түтүнгө) 141 ( бир жүз кырк бир) сомдон тариф эсептелип чыкты. Мындан сырткары айыл өкмөттүн социалдык обьектилериндеги (мектептер, бала-бакчалар ж.б.) таштандыларга жергиликтүү бюджеттен төлөнөт. Дүкөндөр, чоң сатуучу маркеттер, ашкана-кафелер үчүн башка тариф түзүлөт.
Урматтуу жашоочулар, Сиздер макул болсоңуздар ушул сумманы тегеректеп, элге 150 (бир жүз элүү сом) деп маалымат таркаталы. Сиздер болгону үйдөгү катуу таштанды калдыктарын графикке ылайык эшигиңиздердин астына чыгарып коесуздар. Мындан тышкары ар бир түтүн (кожолук) менен Баш-Булак тазалык муниципалдык ишканасынын ортосунда абоненттик келишимдер түзүлөт. Айылыбыз таза болсо, өзүбүзгө, бала-чакага (жаштарга), келген конокторго деле жакшы болот. Айылдын келечеги, тазалыгы үчүн таштандынын тарифи - 150 (бир жүз элүү) сомго туура келди.
Эми таштанды чыгаруунун тарифин колго салып бекитип алсак. Үй башына
150 сомго болсонуздар добуш берип коюнуздар.
Макул - баары, Каршы - жок, Калыс - жок.
Баары бир добуштан колдошту.
Жогорудагылардын негизинде Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-каржы жылына карата бюджеттик коомдук угуу боюнча жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын 2025-каржы жылына бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча ФЭБ башчы К. К. Исмаиловнанын маалыматы жактырылсын.
2. 2025-каржы жылына бюджеттин долбоору алымча-кошумчасы менен айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын отурумуна сунушталсын.
3. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарынын катуу таштанды калдыктарын чогултуп ташып чыгаруунун наркы (тарифи) ар бир кожолукка, айына 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитип берүү жагы айылдык кенешке сунушталсын;
4. Бул жыйында кабыл алынган чечим, айыл башчы аркылуу айылдын бардык тургундарына жеткирилсин;
5. Бул жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчы Бекмуратов Нурбекке жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы Н. Б. Бекмуратов
Жыйындын катчысы А. Чийирова